2025-жылдын 11-ноябрында Панфилов районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюндардын бири болгон “Тогуз коргоол” боюнча турнир өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага райондун 17 мектебинен жалпысынан 64 окуучу катышып, өз билимин, стратегиялык ой жүгүртүү жөндөмүн жана улуттук баалуулуктарга болгон урмат-сыйын көрсөтүштү.

Бул иш-чара жаш муунду тарыхый маданий мурастарга тартуу, акыл оюндарын өнүктүрүү жана сергек ой жүгүртүүгө шыктандыруу максатында уюштурулду.