
2025-жылдын 10-декабрында Волд Шэйо– Келечек аймактык балдар борборунда обондуу ырлар боюнча сынак жогорку деңгээлде өткөрүлдү.
Бул жолу Панфилов району боюнча 10 мектептен 10 таланттуу окуучу катышып, өздөрүнүн өнөрүн жана чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүштү.
Ар бир катышуучу сахнада жогорку даярдык менен ырдай чыгып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай жана күчтүү эмоция тартуулады.
Жеңүүчүлөргө кубоктор, дипломдор жана белек-сыйлыктар ыйгарылды.
Балдар өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирип, келечекте дагы көбүрөөк ушундай сынактарды күтүшөрүн айтышты.
Биз болсо жаш өспүрүмдөрдүн талантын колдоо жана өнүктүрүү жолунда ишибизди уланта беребиз!
